Бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтарынын кезектеги сот процессии болду. Анда, Жапаровдун уулу Рустам саясатчынын уулу болгондугу үчүн темир тор артына кептелгенин айтты.

 

«27-мартта досум Байгазы Казиев экөөбүз атамды тосуп келүүгө «Акжол» пунктуна бардык. Ал жактан атамды УКМКга алып кетишти. Алардын машинасынын артынан жете албадым. Шаарга келээрим менен УКМКнын имаратына бардым. Калган туугандар жана тарапташтар кийинчерээк келишти», - деди Рустам.

 

Айтымында, башаламан башталганда беш-алты адам бир адамды сабап атканын көргөн. «Андан кийин инимди сабап атышыптыр. Ага жардамга чуркадым. Мен да сабап киришти. Мен бетимди колум менен жаптым, бизди автобуска сүйрөп киришти, ким бар экенин көрбөдүм. ИИБде мага ИИМдин министринин орун басары келип, ким экенимди сурады. Мен Садыр Жапаровдун уулу экенимди айттым. Аны уккандан кийин мени камоого буйрук берди», - деди саясатчынын уулу.