Абактагы саясатчы Текебаевдин юристтери БШКнын үстүнөн арыз жазып, прокуратурага кайрылуу ниетинде турушат.

 

Анын себеби, Текебаевге  президенттикке талапкер катары мамлекеттик тилден берилүүчү сынакка жолдомо бербей атышканы болууда.

 

«Ата Мекен» партиясынын юристтери эгер БШК бул маселени оң  жагына чечпесе, анда прокуратурага кайрылышат.

 

Бул тууралуу юристтеринин  бири Таалайгүл Токтакунова билдирди.

 

Белгилей кетсек, Текебаев мамлекеттик тил боюнча сынакты 26-июлда тапшырмак. Бирок, Биринчи май райондук соту ага  сынакка катышууга уруксат берген эмес.

БШК бул маселени сот аркылуу чечүү керек деп билдиргендиктен, Текебаевдин юристтери район аралык сотуна кайрылышкан. Бирок, андан да жыйынтык чыкпаган. Эми прокуратурага арыз жазышат.

 

 

 

 

  •