Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбагы Жоламан Шаршенбеков дүйнөм чемпионаттыгында күмүш медалга ээ болду.
Эске салсак, чемпионаттык Финляндиянын Тампере шаарында өтүүдө.
Жоломан Шаршенбеков 55 кг категориясында мелдешке катышты. Ал венгриялык балбан Кристиан Кекскеметти 8:0, Италиядан келген Жованни Френини 8:0 эсебинде утуп алган. Чейрек финалда Россиянын балбаны Эмин Севершаевди 13:1, жарым финалда армениялык тигран Минасянды 12:2 эсебинде жеңип, финалдык таймашка чыккан.
Ал эми алтын байге үчүн түркиялык Керем Камал менен таймашты. Жыйынтыгында күмүш медалга ээ болду.