Пара алуу фактысы менен соттолуп жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жактап, анын кыргыз тилинен сынак тапшыруусун талап кылып 3-4 адам 2 күн мурда ачкачылык жарыялаган эле. Бул акцияга жалаӊ “курсактуулардын” катышып жатышы соцтармактарда кызуу талкууга алынып, “диета кармай тургандар чогулган экен” деп тамашага салгандар да чыгууда.
Арадан 2,5 күн өтсө да былк этпей, унчукпай эле бүк түшүп жаткан “ата мекенчилердин” сыры тез эле маалым болду. Көрсө, алар күүгүм киргенде курсактарын кампайтып, “тарс” эттирип коюп эле жыргап жатыптыр. Маселен, 2-август күнү кечке саат 20:00дө “ачкачылык” жарыяланып жаткан “Ата Мекен” партиясынын кеңсесине (Рыскулов менен К.Акиев көчөсүнүн кесилишине) партиянын мүчөсү Эркингүл Иманкожоева 3 баштык тамак-аш таштап кеткенин кѳргѳндѳр бизге айтып келишти. Ал көтөрүп барган пакеттердин ичинде дарбыз, патыр нан, суусундук, тамеки бар экени маалым болду.
Ошондой эле “Ата Мекен” партиясынын капчыктуу мүчөлөрү борбор калаадагы “Фаиза” кафесинен “ачкачылык” жарыялагандарга манты жеткирип берип жатканын соцтармактын колдонуучулары жазышууда. Көрсө, булар курсактарын кампайтып, жыргап эле жаткан турбайбы. Уялбагандан өзүң уял болуп. Минтип эл кѳзүнчѳ ачкачылык кармамыш эткендер эми айыбы ачылганын мойнуна алып кечирим сураганга духтары жетер бекен?