Бишкек, «Саясат. kg». Дааратканага ымыркайын таштап кеткен эне табыла электигин Бишкек ШИИБи маалымдады.
Маалыматка караганда, энени издөө иштери уланууда.
Эске салсак, ымыркай «Арча-Бешик» жаңы конушундагы дааратканадан 31-июлда табылган.
Кылмыш иши козголду.
Саламаттыкты сактоо министринин маалыматына караганда, ымыркай кыздын акыбалы канааттандыраарлык. Учурда жандандыруу бөлүмүндө.