«Ата Мекен» партиясынын бир нече күн бою дайынсыз кетти деген тарапташы табылды.
Маалыматка караганда, Нургазы Бакаевдин кабары дайын болду. Ал кайда жүргөнү азырынча белгисиз.
«Биз ал кайда болгонун, эмнеге жоголгонун билбейбиз. Аны менен сүйлөшкөндөн кийин гана маалымат беребиз», - дешти штабдагылар.
Эске салсак, Бакаев бир убактарда 2010-жылдагы мародерлук боюнча көрсөтмө берип аткан Абдула Юсупов менен бир камерада отурган. Жакында Бакаев Юсупов Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков жана Болот Шерге каршы жалган көрсөтмө бергенин жарыялаган.