Ом-ми-ий, азыркы кезде элдин баары эле саясатчы болуп калбадыбы. Эмне, селсаяктар... силердин көнүк тилиңер менен айтканда, бомжлар саясат жөнүндө сүйлөшпөйт дейсиңерби? Жүда-а сүйлөшөт. Мына, азыр үч-төртөбүз баклашка салынган кир мүшөктөрүбүздүн жанында арак ичип олтурганбыз.
- Ушул кезде президенттик постко кандидаттарды каттап жатыптыр, - деп калды, бирөөсү кызыган кезде.
- Ким каттап жатыптыр?
- БыЧыКы дечүү беле...
- БыШыКы.
- И, анан?...
- Кандидаттардын кимдер экенине кызыксам, арасында баягыл эле акчабайлар, аферисттер дагы жүрүшөт. Аларга караганда, биз тазабыз. Ошон үчүн биз деле арабыздан бирөөбүздү сунуш кылбайлыбы? Кандай дейсиңер?
- Давай...
- Кимди сунуш кылсак?
- Мадиярды...
- Жо, Мадияр жарабайт.
- Эмне үчүн? Таза адам керек дебедимби...
- Менимче, мончого барып, жуунса эле Мадияр деле тап-таза болуп калат. Денеси эки-үч жылдан бери суу көрө элек да. Болбосо...
- Жо, мен денесинин кирин айтып жаткан жерим жок. Ички дүйнөсүн, акылынын деңгээлин айтып жатам. Мадияр бизди бат эле тааныбай калат, если чо президент болуп калса. Коррупцияга ыктап кетиши ыктымал. Бизден көбүрөөк баклашка чогулткан күнү мурдун барбайтып, мактанып калат го! Андан калса, өзүнүн тапканын аяп, бирөөнүкүн ичкенди жакшы көрөт эмеспи.
- Анда сен кимди сунуш кылаар элең?
- Өзүмдү.
- Чындап эле сен президент болуп калсаң, мен... о-о, Бишкектеги таштандылардын баарын өзүм ээлеп алам.
- Жарымын мага бер.
- Бербейм.
- Бересиң...
- Эмнеге берет экем?.. Канаке, калыс сөзүңдү айтып койчу, болочок президент?!.
- Эгер мен президент болуп калсам, бардык таштанды челектериндеги баклашкаларды өзүм гана топтойм.
Физика мугалими
Мектептин лабараториясында олтурган физика мугалими спирттен лампанын сыныгына куюп туруп, ага “тажрыйба” жүргүзүп жиберди эле, анын көзүнө түркүн түстүү молекулалар көрүнө баштады. Дал ушул учурда сырттан кирип келген директор эки директор болуп көрүндү.
Аңгыча, директордун колунан пайда болгон түртүлүү күчүнүн натыйжасында сыртка чыгып, кайрадан ичкери жакка болгон тартылуу күчүнө карабай, үйүн көздөй жөнөдү, тамтаңдап. Башы эңги-деңги. Тим ай планетасында, абасыз мейкиндикте каалгып учуп бараткандай. Арыктан аттамак болгондо, сүрүүлүү күчүнүн кесепетинен прямо сууга кулап түштү. Көчүгү суулана түшкөндө коркуп кетип, келме ордуна Ньютондун законун айтып жиберди.
Анын турайын деген кыймыл-аракетинен натыйжа чыккан жок. Тулку боюн оор тело басып калган шекилдүү. Айласы кеткен физика мугалими бир-эки саат уктап, биротоло күч-кубатын заряддап алууну чечти.
Орозбек БӨРҮГУЛОВ, Булак: «Майдан. kg» гезити