Көгүлтүр экрандагы жүгүртмө саптарды көргөндө уялчу болдук. Бир сөздө эки, бир сүйлөмдө бир нече ката. Муну ошол жерде олтурган кызматкерлер оңдоп туруп, анан экранга чыгарса болбойбу? Же туура эмес жазгандан ошол жарыянын, жүгүртмө саптардын ээлери уялышпайбы?

 

Туура эмес жазганы аз келгенсип, ойлонбой сүйлөгөн көрармандар, угармандар да кездешчү болду. Бир жолу радиону тыңшасам, түз эфирге бир угарман телефон чалып, минтип сүйлөп атат:

 

- Жанымда олтурган кайнежем Канымгүлгө салам айтам!

 

Ошол замат “бырс” күлүп жиберип: “Ыя, айланайын, сагынып салам айткыдай бул иничектин кайын эжеси алыста жүрсө бир жөн. Анда радио аркылуу салам айтса жарашмак. Жанында эле олтуруптур го, суйкайып. Андан көрө кайрыла калып эле салам айтып, шылтоо менен рахаттана бир өөп албайбы” деп ойлонуп койдум.

 

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ,  Булак: «Майдан. kg» гезити