Кыргызстанда акыркы эки он жылдыкта жол маселеси абдан маанилүү болуп турат. Бийик тоолуу болгондуктан өлкөдө өнүккөн темир жолдорунун жоктугунан  95% жүк ташуучу жана 97% жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорту бул багытта башкы орунду ээлеп келет.

 

Кыргызстандагы авто жолдор бир гана аймактарды бириктербестен, ички экономикалык байланыштарды да камсыздап келет. Өлкөбүздөгү бардык жолдор унаалардын бардык түрүнө ылайыкташтырылып, Борбордук Азиядагы жакынкы жана алыскы аймактарды бириктирип турат.

Бирок, жолдордун техникалык абалы мындан да жакшыраагын талап кылат. Мамлекеттик жол тармагынын эскириши 80%ды түзөт. 2016-жылга карата эл аралык “Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум” уюмунун рейтингинин жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 138 өлкө арасынын Мозамбик, Украина, Мавритания, Парагвай, Конго жана Мадагаскардан озуу менен 131-орунга ээ болду.

 

Кредит алганыбыз менен жыйынтыгы аз

 

Кыргызстандын тарыхында жол куруу жана оңдоп түзөөгө жалпысынан 2 миллиарддан ашык АКШ доллары сырткы донорлор тарабынан кредит катары коротулган. Жалпысынан Кыргызстандагы бардык автомагистралдар чет элдик кредиттердин эсебинен курулган. Бул карыз биздин бюджетте дале турганы менен мындан алгылыктуу жыйынтык чыккан жок. Жолдор ар дайым талкаланып турат. Бир жол курулуп бүткүчө экинчиси ремонтко муктаж. Бир канча кредитке курулган жолдор да бизде көп. Жыл сайын тышкы карыздарга ондогон миллиард сомдор кетет. Андыктан, бул миллиарддарды жолдорду курууга жумшоо туура эмеспи?

 

Балыкчы-Корумдудагы жакшы тажрыйба

 

Келгиле, мисалга Кыргызстандын өз каражаты коротулган Балыкчы-Корумду жолунун курулушун чет элдик кредиттерге салынган жолдор менен салыштырып көрөлү. Бул жол Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өз каражатына курулган алгачкы жол. Бул долбоор Темир Сариев премьер-министр болуп турганда башталган. Т.Сариевдин аталган долбоору экономикалык жактан да, сасий жактан да ийгиликтүү көрсөткүчкө ээ болду. Эмнеге?

 

Биринчиден, эл аралык донорлордун кредитине курулган жолдор узак убакытты талап кылат. Салыштыруу үчүн Азиа Өнүгүү Банкынын каражатына курулуп жаткан Бишкек- Кара-Балта жолун карап көрөлү. Макулдашууга 2014-жылы январда кол коюлган. Бирок курулуш иштери жакында башталды. 3 жылдык убакыт керектүү процедураларды өткөрүүгө жумшалды. Ал эми курулуштун өзү 3 жылды талап кылат. Мында жалпысынан 6 жыл убакыт кетет. Мынча жылда жол курулгуча талкаланган жолдор менен жүрүүгө жашоочуларыбыз да, өзүбүз да мажбур болобуз.  Жол курулушунун мөөнөтүн салыштырсак Балыкчы-Корумду жолунун салынышы 3 эсе эрте бүтүп жатат.

 

Экинчиден, чет элдик кредиттерге жол курууда эл аралык компаниялардын консультациялык кызматына тоодой акча коротулат. Мисалы, Бишкек-Кара-Балта жолун курууда эл аралык консультанттар эсеп-кысапта адашып калгандыктан чыгымдар көбөйүп кеткени маалым болду. Жыйынтыгында 52 км. жолдун ордуна 45 км. жол курулат.

 

Үчүнчүдөн, чет элдик компаниялардын бюджеттик каражатына жол курууда бардык салыктар төлөнөт. Мисалы Лонг Хай компаниясы (Балыкчы-Корумду жолу) республикалык бюджетке 10 миллион доллардан жогору КНС төлөйт. Ошентип жолго бөлүнгөн бюджеттин бир бөлүгүн салык түрүндө алабыз.

Төртүнчүдөн, жол курууну  өз колубузга алганда куруу мөөнөтүн өз алдынча кое алабыз. Мисалы, Балыкчы-Корумду жолунун кемчиликтери үчүн кепилдик мөөнөтү 24 ай болсо, кредитке салынган жолдордун кемчилиги үчүн кепилдик мөөнөтү 12 ай. Мындан улам кемчиликтер чыккан убакта өзүбүздүн куруучуларга эч кандай дооматтарды кое албайбыз.

 

Өз жолубузду өз акчабызга куруубуз керек

 

Эгер Балыкчы-Корумду жолунун ар бир кызматка төлөнгөн каражатын донорлордун каражатына курулган жол менен салыштырсак укмуштуудай картина жаралат. Жол куруунун бардык иштери арзан болгону менен бир нече ирет кайталанат. Мисалы, жолдогу тилкелерди ачуу эки эсе арзан. Карьерден куюу үч эсе арзан болот.

 

Эл аралык донорлордун каражатына курулган жолдор кымбат болору таң калыштуу эмес. Бишкек-Кара-Балта жолунун 1 километрине 1,5 миллиондон жогору АКШ доллары сарпталат. Ал эми Түндүк-Түштүк жолунун 1 километрине 3 миллион АКШ доллары кетет. Балыкчы-Корумду  жолунун курулушуна ар бир километрине 750 миң АКШ долллары кетет. Демек, бир жолдун ордуна эки же үч магистраль курууга болот.

 

Жогорудагы маалыматтар карызга белчеден батпай, чет элдиктерге көз каранды болбостон, өз каражатыбызга жол куруу алда канча ыңгайлуу экенинен кабар берет. Сариевдин долбоору жол курууда чыныгы жол болуп саналат.

 

 

Талант НАРБАЕВ, эксперт, Булак: “Майдан. kg” гезити