Интернет тармагында белгисиз кишинин сүзмөнү тебелеп аткан сүрөтү пайда болду. Бул сүрөттү «Кабарлар» сайтына колдонуучу тарабынан тартылып, жөнөтүлгөнү айтылууда.
Сүрөттөн көрүп тургандай, ич кийимчен гана калган белгисиз киши сүзмөнү тебелеп атат.
Улуттук тамак – курутту жасап жүргөндөргө маалым, алгач сүзмө жасалып, аны жакшылап аралаштыргандан кийин, курут тоголоктолот. Адатта энелер калтага айран куюп, бир күн илинип, суусу сарыгып калган сүзмөнү чарага салып, туздан сээпн бүртүкчөлөрү калбай калганча колдору менен аралаштырат. Ал эми базарга сатууга чыккан куруттардын ээлери сыягы, кол менен аралаштыруудан түйшүктү көп деп эсептешти окшойт, бутка өтүшүптүр.
Кыргызстандык интернет колдонуучулары улуттук азыкты тебелеген кишинин кимдигин таппай убара.
Бул сүрөттөн кийин базардагы куруттарга болгон суроо-талап кескин ылдыйлашы да мүмкүн.