Атамбаевдин кызы Алия Шагиева жакында Нарын жергесинде болуп кайтканын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал айыл жергесине болгон сапарын видеого тартып, соцтармакка жайгаштырды.
Нарын элинин меймандосу, кең пейилдигине басым жасаган Шагиева «алар аба ырайына, өкмөткө нааразы болбой эле, балдарына мыкты тарбия берип, жашашат экен», - деп жазган.
Андан ары:
"Нарынга болгон сапарым мен ойлогондон да укмуштуудай сезимдерди калтырды. Ал жактан алган таасирди башка эч жактан сезген эмесмин. Кең пейилдүү эл, ээсине берилген иттер, асманда жыбыраган жылдыздар деги койчу, мунун баарын көрүп отуруп кубанычтан ыйладым. Бул жерге болгон сүйүүмдү, алган сезимдеримди сөз менен толук жеткирүү мүмкүн эмес", - деп уланткан.