«Казгидромет» ишканасынын кызматкери Анна Чурикованын билдиришинче, аймакта акыркы жолу күндүн ысыгы +41 градустан жогору болгон учур 1952-жылы катталган.


Синоптиктер +43 градуска чейинки аба ырайы облустун Акжайык, Жангалин, Бокейордо жана Каратөбө райондорунда болушу мүмкүндүгүн белгилешүүдө.

 

Облустун борбору эсептелген Уральск шаарында күндүн ысыгы +38 градуска чейин жетип, августтун башына чейин созулат.

 

Ысык аба ырайы Казакстандын башка аймактарында да катталууда. "28-29-июль күндөрү Батыш Казакстан, Атырау жана Мангистау, ал эми 29-30-июлда Костанай жана Актөбө облустарында 40-43 градуска жеткен өтө ысык аба ырайы күтүлөт", – деп айтылат "Казгидрометтин" билдирүүсүндө.