Акыркы мезгилде республикабыздын аймактарында, өзгөчө борбор калаада төбө чачты тик тургузган оор кылмыштар көп катталууда. Алсак, кышында Бишкектеги “Бакыт” деп аталган кытай кафесин беткапчан, автомат менен куралданган бандиттер тоноп, кассадан 100 миң сом акчаны алып кетишкен. Ал эми Альфа-Секюрити” күзөт агенттигинен көп сандагы курал-жарактар уурдалган. КРнын ИИМ Кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгы өткөн жумада ушул жана башка оор кылмыштарды жасаган банданы колго түшүргөндүгүн жарыялады. Алар отуз жаштын тегерегиндеги кыргыз жигиттери болуп саналышат жана сыщиктердин узак убакыт сары изине түшүүсүнүн натыйжасында көпчүлүгү республикабыздын аймагынан жана айрымдары Москвадан колго түшкөн. Бандиттер негизинен ири фирмалар менен компаниялардын кеңселерине куралдуу чабуул жасап, көп суммадагы акча жана курал-жарактарды тоноо менен алектенип жүрүшкөн. ИИМдин билдирүүсүндө, бул банданын башчысы жана уюштуруучусу 1986-жылы Талас облусунда туулган, мурда каракчылык, зордуктоо жана талап-тоноо үчүн соттолгон Бекмурзаев Жылдызбек турат.
“Майдан-пресс” , Булак: “Майдан. kg” гезити