Эстеликтин тегереги оңдоо иштерине байланыштуу төрт ай мурда курчалган. Анда өлкө бийлиги Ашхабаддын борборуна 2000-жылдардын башында тургузулган мурдагы президенттин эстелиги алына тургандыгын кабарлаган эмес. Азырынча эстеликтин эмне себептен алынгандыгы да белгисиз бойдон калууда.

 

Түркмөнстанды 1985-2006-жылдар аралыгында башкарган Сапармурад Ниязовдун тушунда өлкө боюнча анын жүздөгөн эстеликтери тургузулган.

 

Ашхабаддын борборунда 1998-жылдан бери турган Ниязовдун алтын жалатылган ири статуясы 2011-жылы башка жерге көчүрүлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, аны көчүрүү үчүн өлкө бюджетинен 50 миллион АКШ доллары бөлүнгөн.