Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 20-июлдан 21-июлга караган түнү Бодрум шаарында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 2   адам каза тапканын түркиялык маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

 

КР ТИМдин билдирүүсүндө кырсыктын кесепетинен жабыркагандардын жана каза тапкандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Бодрумдун тийиштүү органдары менен кырдаалды көзөмөлгө алып туруу үчүн үзгүлтүксүз байланышта болууда.