Талдоочулар жоокерлерге орой мамиле жасоо, кемсинтүү мекенге кызмат өтөөдөн баш тартууга себеп болууда деп айтышууда.


Сонку жылдары бир нече жоокер армияда катуу сабалып, кылмыш иштери козголгон.

 

Он күн мурун Орусия аскерден качкандыгы үчүн мекенинде издөөдө жүргөн тажикстандык жигитти экстрадициялады. 26 жаштагы Фарход Назаров Хатлон облусунун аскер прокуратурасынын убактылуу абагына камалды.

 

Тергөө материалдары боюнча Фарход Назаров Рудакидеги аскер комиссариатынан медициналык кароодон өткөндөн кийин качып кеткен. Мыйзам боюнча медициналык комиссиядан өткөндөндөр жоокер болуп эсептелет.