Бүгүн, Бишкектеги Ленин райондук сотунда депутат, экс-Адилет министри Аида Саляновага байланышкан кылмыш иши боюнча сот отуруму болмок.
Со отурумунун башталышында айыпталуучунун адвокаттары дагы бир адвокат Чолпон Жакупбекованын келбей калганына байланыштуу процессти артка жылдырууну сотко өтүнүч келтиришти.
Салянованын айтымында, адвокаттын акыбалы начарлагандыктан, дарыгерлер ага эс алуу керектигин айтышкан. Сот өтүнүчтү канааттандырды.