Кытайдын түндүк-чыгышында катуу жааган жаандын кесепетинен 220 миң адам үйлөрүн таштап, башка аймакка кетүүгө аргасыз болушкан.
Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Цзилинь провинциясында бир нече күндөн бери катуу жаан жаап атат. Нөшөр дарыялардын деңгээлин жогорулатып, бир нече калк жашоочу аймактар суу алдында калган.
Айдоо аянттарына келген залалдан улам экономикалык зыян 1,8 млрд долларга жеткен. 19 миңге жакын үй жараксыз абалга кептелген.