ИИМдин маалыматына караганда, Ош шаарында Сирия-Иран куралдуу согушуна катышкан жаран кармалган.
Оштун 22 жаштагы тургуну М.А. эларалык террористтик уюмдун мүчөсү жана Сириянын аймагындагы ИГИЛдин диверсиялык даярдыгынан өткөн.
Шектүүнүн жашаган жерин тинтишкенде, мыйзамсыз сакталган көп сандагы экстремисттик материалдар табылган. Фотосүрөттөр, аудиозапистер, видеоматериалдар, дисктер, китептер жана өзбек, араб тилиндеги баракчалар чыккан.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.