17-июлдан 18-июлга караган түнү Бишкек-Балыкчы жолунда жол кырсыгы катталган. Укук коргоо кызматтарынын маалыматына караганда, Тайота үлгүсүндөгү автоунаа каршы тарабында келаткан Honda Stream автоунаасына кагылышкан. Экинчи автоунааны башкарып келаткан кыз алган жараатынан ошол жерден каза тапкан.
Тайота автоунаасын Биринчи май райондук прокурорунун жардамчысы Данияр Сейталиев башкарган. Ал Балыкчыдан Бишкекти көздөй иш сапарынан кайтып келаткан.
Жол кырсыгынан кийин бир канча убакыт эркиндикте жүргөн Сейталиев 19-июлда убактылуу камоочу жайга киргизилген. А анын баш коргоо чарасы 18-июлда эле каралган. Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Айрым маалыматтарга караганда, ал кызуу абалында болгон.
K-News маалымат агенттиги жол кырсыгынын бир катар фотолорун жарыялады.