Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө курулушка кырсык катталган. Анда 9-кабаттан эки жумушчу кулап кетип, бир ошол жерден жан берсе, экинчиси ооруканага жеткирилген.

 

Мамэкотехинспекциянын кызматкери Бакытбек Жолчиевдин айтымында, бүгүн бул кырсык боюнча комиссия өз ишин баштап, корутундусу 15 күндөн кийин чыгарылат.

 

«Комиссия курулуштагы иштөө шартты, документацияны карайт, компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшөт. Акырынды корутунду чыгарып, бир нускасын каза болгон жана жабыркаган жумушчулардын үй-бүлөсүнө жиберебиз, экинчисин профсоюзга, дагы бирин прокуратурага беребиз. Андан кийин компенсация төлөө жана жоопкерчиликке тартуу иши каралат», - дейт ал.