Жолугушууда прокурор Габит Миразов Мамайдын даттануусу дароо каралганын, бирок кийинчерээк журналист сабалганы тууралуу доосунан баш тартканын билдирди.
Оппозициялык "Трибуна" гезитинин 28 жаштагы редактору Жанболат Мамай 10-февралдан бери Алматы шаарынын тергөө абагында отурат. Ал мурунку банкир Мухтар Аблязов менен бирге арам акчаны адалдоого аралашкан деп айыпталууда. Бирок экөө тең бул айыпты четке кагып, аны кармоо максаты саясий өңүттө экенин билдирип келишет.