Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Нарындагы Кутурак-Талаа айылында жол кырсыгы катталган.
«Хонда Степ» автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, Чоң-Кажырты дарыясына кулаган. Автоунаада төрт адам бар болгон. Үчөө машинеден өздөрү чыгышкан. Салондо 4 жаштагы бала калган.
Бүгүн баланы издөө иштери уланууда.