«Кыргызстан сулуусу - 2013» наамынын ээси Жибек Нукеева каза тапты. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова  маалымат каражаттарына билдирген.

 

Жибек Нукеева 22 гана жашта болгон. Жарым жыл  мурун анын айыккыс ооруга чалдыкканы коомчулукка билинген. Кымбат операция аркылуу анын өмүрүн сактап калууга үмүт арткан жакындары коомчулуктан колдоо сурашкан. Бирок, тилекке каршы, дарылоо жыйынтык берген эмес.

 

Анын артында сегиз айлык уулу Иман калды.