Өлкөнүн Транспорт министрлигинин кабарлашынча, бул боюнча Ташкентте эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү.
Тараптар мындан тышкары Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө учуу жана Өзбекстанда кыргыз авиакомпаниясынын өкүлчүлүгүн каттоо маселесин карашты.
4-июлда ичинде 190 жүргүнчүсү бар өзбекстандык учак Тамчы айылында жайгашкан "Ысык-Көл" аба майданына келип конгон.
Учуу убактысы – бир саат 20 мүнөт. Бул рейстер жайкы туристтик сезон маалында - август айынын аягына чейин ар шейшембиде аткарылып турат.