Өлкөбүздүн түштүк жергесинде “Эмгек мигранттарынын укугун коргоо” долбоору ишке абдан батыл киришти. Буга ылайык кайрылман макамы барлардын дагы кызыкчылыгын талашууга дагы өбөлгө жаралып олтурат.

 

- “Эмгек мигранттарынын укугун коргоо” долбооруна ылайык Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарларында коомдук кабылдамаларыбыз абдан кызуу иштеп жатышат. Айрыкча кара тизмеден жарандарды чыгаруу аракетибиз өтө күч! – деди аталган долбоордун жетекчиси Акылбек Ташбулатов. – Баса, биринчиден,  кара тизменин өзүнүн мөөнөтү бар. Аны текшерип, чет өлкөгө кайра барып иштегенге ыңгай жаралат. Экинчиден, кээ бир мекендештерибиз кара тизмеге мыйзамсыз эле кошулуп калышы дагы толук ыктымал. Муну мыйзам чегинде сот аркылуу гана жок кылдыртса болот.

 

Мындан тышкары, Акылбек Ташбулатов элет жеринде социалдык чыңалууну токтотууга мезгил эчак эле жеткендигин моюндады: Райондордо чоң-кичине завод-фабрикаларды байма-бай курууга киришкенибиз ийги. Буга дараметибиз дээрлик жетиштүү. Сырье жана байлыктарыбыз деги бар. Болгону Өкмөт жана жергиликтүү бийликтер тарабынан демилге гана жок! Ошентсек, ишканалардын санын арбытсак, мектептерди бүткөндөргө дагы дароо жумуш табылат. Ага жараша аймактарды дагы ар тараптуу өнүктүрүүгө даңгыр жол ачылат”.

 

Ал эми аймактык серепчи Акжол Абдыкеримов ички жана тышкы миграция ушул тапта дүйнө жүзүндө деле чоң башоорутмага айлангандыгын танбайт: “Ички жана тышкы миграция жыл өткөн сайын дүйнө жүзүндө дагы улам күчөп баратат. Айрыкча Кытайда бул абдан чоң азапка айланды. Биздин өлкөбүздө Бишкек жана Ош шаарларында ички миграция кадырэсе эле көрүнүшкө айланды. Биринчиден, мигранттарыбыз укуктук жактан абдан сабатсыз. Экинчиден, жумуш рыногу бизде алигүнчө толук кандуу ордун таба элек. Бул көйгөйлөр он-он беш жылдап чогулуп олтуруп, акырында эми гана башыбызды оорутуп олтурган чагы”.

 

Баса, “Эмгек мигранттарынын укугун коргоо” долбоору кулчулукка кабылгандардын кызыкчылыгын дагы талашууну биринчи планга койгон. Мындан тышкары долбоордун катышуучулары эмгек мигранттарынын чет өлкөлөргө жумуш издеп чыгуусуна дагы такай  жардамдашат. Аларды атайын ушундай шарттарга ырааттуу даярдайт. Орусияда жана Казакстанда мыйзамдуу түрдө жумуштарга орношууга каралашат. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн түпкү Мекенине – Кыргызстанга журт которушкан кыргыз кандаштарына дагы кеп-кеңешин аябайт.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ош шаары

Булак: “Майдан.kg” гезити