Шаятбек АБДУРАХМАНОВ буга дейре Ош медициналык колледжин жетектечү. Кыргыз Өкмөтү аталган жаш адиске абдан чоң ишеним артып, өлкөбүздүн түштүк башкалаасындагы жападан жалгыз клиникалык оорукананын директорлугуна бекитти. Медицина илимдеринин кандидаты, доцент, жогорку даражадагы хирург менен аймактык кабарчыбыз адегенде операция маалында, анан иш үстүндө баарлашканда, ал Ош шаардык клиникалык ооруканасында жемкорлукка катуу бөгөт коерун бекем убадалады.

 

- Шаятбек мырза, сиздер Ош медициналык колледжин кыйла оңдоп койдуңуздар эле. Эми мнтип Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директорлугана дайындашты. Жашырып не, бул дарткана соңку жылдарда артына кетип, мурунку кадырын бара-бара жоготуп бараткан эле. Эми аны кадыресе оңдоп-түзөө Сизге кыйын болбос бекен?

 

- Чындыгын айтканда, Ош шаардык клиникалык ооруканасы - түштүк жергесиндеги гана эмес, өлкөбүздөгү эң эски жана тарыхый бейтапкана. Ушул тапта капиталдык ремонтко абдан эле муктаж. Жогору жактан адеп үмүт кылып олтурбастан, мамлекетибиздин дагы дал азыркы чама-чаркын туура түшүнүп, өз алдыбызча капиталдык ремонтту жасап жатабыз. Көрдүңүздөр го, азырынча ооруканабыздын тышкы келбетин кыйла эле оңдоп-түзөп койдук. А хирургиялык бөлүмдү (корпусту) моминтип дээрлик жаңыладык.

 

- Дегиңкиси Сиз бул жердеги жумушуңузду өзү эмнеден баштадыңыз? Адегенде эт менен челдин ортосунда жүрүшкөн, ошондой эле учурда ак халатчандардын аброюна абдан чоң көлөкө түшүргөн кесиптештериңизден деги арылдыңызбы?

 

- Биринчиден, алгачкы күндөн тарта материалдык-техникалык базабызды чыңдоого баш-отум менен кириштим. Мунсуз иш таптакыр эле жүрүшпөйт эмеспи. Экинчиден, дарыгерлерибиздин билимин туруктуу өркүндөтүүгө, бул аркылуу тажрыйбасын ого бетер арттырууга абдан бекем ыктадык. Бул өңүттө чет өлкөлөр менен дагы карым-катышыбызды ыраса күчөттүк. Бир катар дарыгерибиз ушул тапта сырт жактарда кесипкөйлүгүн арттырып окуп жүрүшөт. А жакында дагы чоң топ чет өлкөгө аттанат. Ушинтип тажрыйбабызды бөлүштүрүп жана заман талабына жараша медициналык дараметибизди дагы ого бетер арттырып жатабыз. Байкагандырсыздар, дегеле мезгил агымынан артта калбаганга аракетибиз абдан эле күч.

 

- Ош шаарындагы медициналык коллежди түптөп, анан аны кыйла жылдар бою жетектебедиңизби. Демек, теория менен практиканы айкалыштыруу, булардын айырмачылыгын бара-бара жоюу Сизге абдан кыйын болуп жаткандыр?

 

- Мен ооруканага жат адам эмесмин! Бишкектеги Медициналык Академияны аяктаганыма мына 17-жылга аяк басты. Ошондон тарта өмүрүм бүт саламаттык сактоо тармагына гана жипсиз байланды. Буга дейре Оштогу медициналык колледжи жетектегенче, Оштогу облустар аралык ооруканасында дарыгер-хирургдук вазийпаны дагы абдан ийгиликтүү аркаладым. Азыр деле абдан зарыл учурда оор операцияларга өзүм аралашып жатам.

 

- Жергиликтүү бийлик Ош шаардык клиникалык ооруканасына каралашып турганы анчалык деле байкалбайт го?

 

- Кантип? Көрдүңүздөр го. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ички жолдоруна бүт асфальт төшөлдү. Дартканынын кире беришин жана айланасын чекесинен кайрадан жаңылап жатабыз. Буга Ош шаарынын мэриясы куп гана каралашты. Мындан тышкары анча-мынча кем-карчыбызды бүтөгөнгө дагы туруктуу көмөктөшүп келатат.

 

- Шаятбек мырза, мына президенттик шайлоо босогобузда турат. Адатта бул саясий өнөктүктүн жүрүшүндө талапкерлер, айрыкча бийлик өзү ак халатчандардыбекер үгүтчү сыңары сөзсүз түрдөкөбүрөөк пайдаланышат.Сиздин эркиңиз күч экенин билебиз, албетте, буга жол бербейсиз деңизчи. Ошентсе дагы, бул сапар административдик кысымга жана басымга туруштук берүү Сизге абдан кыйынга тураар?

 

- Ырас. Мурун коркпостон-үркпөстөн эле ошентишчү. Ак халатчандарды үгүт-насаат жараянына гана аралаштырмак турсун, шайлоо чөлкөмдөрүнө дейре байма-бай кошуп ийишчү. А азыр минтүүгө таптакыр мүмкүн эмес! Анын үстүнө бийликтин дагы жана элдин дагы психологиясы түп-тамырынан өзгөргөн. Ошондуктан, ушул маалда ой-пикир таңуулоо, кысым жана сес көрсөтүү, ага улай мажбурлоо дегеле акылга сыйбайт. Ошентсең, анык эле балээге каласың...

 

Алишер Токсонбаев

Булак: “Майдан.kg” гезити