Белгилүү публицист жана жазуучу Абдыкерим МУРАТОВ агабыз менен буга чейин эне тилибиздин тагдыры туурасында кеп кылган элек. Бул сапар Мекен тагдыры туурасында кеп козголуп отуру.

 

Доктор педагогических наук Абдыкерим Муратов в фотостудии
 
- Абдыкерим байке, улут тагдыры, тил тагдыры тууралуу бир топ кеп кылгандай болдук. Эми ошол улут жана анын тили менен байланышкан мекенге, Ата Журтка келсек… Биздин Кыргызстан деген мекенибиздин тагдырын кеп кылууда ошол мекендин келечеги болгон мектептен баштасак…

 

- Мектептерде окууну” он эки жылдыкка өткөрөт элек” деп маал-маал оолугуп алмайыбыз кармай калат. Он эки жылдыкка өтүү эмнеден келип чыкты? Балдардын көбү аз кандуу, оорулуу дегенден улам, “алар мектеп программасын өздөштүрө албай жатат”- дегенден ушундай болууда. Ушундай шартта азыр биздин балдарыбыз аскер кызматына жараксыз чыгууда. Биздин солдаттарды “экөө биригип бир автомат көтөрөт экен”- деп шылдыңдап алышыптыр. Чынында азыр так медициналык кароодон өткөрсөк балдардын баары эле аскер кызматына жарыксыз болуп чыгат. Муну үчүн аскердик даярдык жана дене тарбия сабактарын калыбына келтиришибиз керек. СССР кезинде граждандык коргоонуу жана башталгыч аскердик даярдык боюнча бизде эң сонун материалдык база, класс-кабинеттери, тир, траншея, стадион болгон, а түгүл көрсөтүү жана атуу үчүн куралдар бар эле, азыр эми анын баары жоголду, таланды, а түгүл өткөн кылымдын соңундагы Баткен окуясы болбосо аскердик даярдык сабагын эске да алмак эмеспиз.

 

Бегиш Ааматов деген депутатыбыз “легендарлуу парламентте” кыргыз аскерин түзүү тууралуу айтса күлгөнбүз, акыры барып чек ара коргой турган күчтүү жигиттерибиз калбай калганда аттиң кылбадыкпы. Илгери аскерге баруу кандай ыйык милдет, кандай сыймык эле. А азыр ата-энеси да, баласы да эптеп аскерден калып калуунун амалын издешет, аскер жашындагы балдар араба түртүп базарда отурат же атасы менен төр талашып үйүндө жүрөт, тыңыраактары Орусияга өтө качкан. Деги эле “кыргыз патриотизми” азыр чоң сөз кылууга арзыйт. “Патриот” деген сөздү орус лексиконуна Петр биринчи киргизген, атайын патриоттуулукка үгүт кылган. А биздикилер байыртан эле “патриот” деген сөзү жок болгон менен өздөрү патриот болушкан. Азыр эми кокус, анын бетин ары кылсын башка түшсө, айталык, Улуу Ата мекендик согуш сыяктуу немистер басып кирсе, Ала-Тообузду каныбыз менен коргой алат белек? Тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулу 1914-жылы 23-мартта Ош тарапта болгонун жана анда көргөнүн минтип жазып кеткен: “…мүдарис Юнус дамбылда деген, өзү кыргыз болуп туруп, кыргыз болгонуна өкүнөт экен. Сарт болуу фарыз эмес. Илим-билимдүү болуп, улутун сактоо керек. Илимдүү болуу – жалгыз намаз окуп, орозо кармоо эмес. Замандын акыбалынан кабардар болуу лаазым. Молдо Абдысатар казы – беш жыл болду казы болгонума дейт. Суракка келген адамдар өз атасынын ысмын араң табат дейт. Туугандарыбыздын аталарын табуу кыйын болду” (О.Сыдыков Тарых кыргыз Шадмания. Кыргыз санжырасы. – Ф.: «Кыргызстан», 1990. – 28-б.). Ошол жүз жыл мурдагы көрүнүш дале кайталанып жаткандай. Азыркы мектептер кыргыз патриотторун чыгарууга жарайбы, орто билим тууралуу балдарыбызга аттестат таратуу менен аларга бул же тигил предметтен мамлекеттик экзаменден баа коюу менен, ошолордон кандай атуулдар, Кыргызстан үчүн канчалык күйүмдүү инсандар чыккандыгын сезип жатабызбы?

 

Мына азыр Кыргызстандагы башка улуттар эмес, кыргыздар менен, алардын жаш мууну менен сүйлөшүп көр, дээрлик ошолордун тең жарымы биздин өлкөнү таштап, сырт жактарга иштеп кетүүгө камдуу турат. 2017-жылдын 12-майында Бишкекте менин 60 жылдык мааракеме карата өткөн эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын темасы “Ааламдашуу доорундагы адабият менен педагогиканын орду” деп аталды. Аталган жыйында С.О.Байгазиев мындай ойлорун айтты: “Изилдөөлөр бүгүнкү окуучу өспүрүмдөрдүн кечөөкү ата-бабаларындай өз өлкөсү жөнүндө эмес, көбүнчө өз керт башынын маселелери жөнүндө ойлонуп, турмушка коммерциялык, прагматикалык мамиле тарабына, материалдык кызыкчылык жагына ооп баратышкандыгын ачыкка чыгарууда. Социологиялык изилдөөлөрдүн далилдеринен мисал келтирели. Маселен, балдар бүгүн моминтип ойлонушат: “Мен шаардын сыртында дем ала турган үйлүү болууну каалар элем. Мен үч кабаттуу жеке үйлүү болууну каалар элем. Мен миллион акчалуу болууну каалайм. Мен BMW машиналуу болууну каалайм. Мен төрт кабаттуу үйлүү болууну жана дүйнөдөгү эң бай адам болууну каалайм. Мен бизнесмен болууну каалайт элем, себеби мен жакшы жашоо, “крутой” болуу жана шаарда, өлкөдө “авторитет” болуу үчүн көп акча табууну каалайт элем”. Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөтүп тургандай, азыркы балдардын арасында маданий-руханий, адептик-ыймандык, атуулдук-патриоттук багытта ой жүгүрткөндөр негедир аз. Ырас, бирин-экин окуучу “Мен эски кыргыздын ырларын кайрадан жаратууну каалайм”, “Мен президент болуп, өлкөмдү бай өлкө кылгым келет”- дешип жооп беришкен. Балдардын тилеги жакшы, бирок өспүрүмдөрдүн анкеталык жооптору негизинен “акча”, “пайда”, “бийлик-байлык”, “жеке атак-даңк” сыяктуу түшүнүктөрдүн тегерегинде айланчыктап турат. Балдардын дүйнөсүндөгү мындай тенденция адеп-ыйман, руханият тарбиясынын кызыкчылыгынан караганда, кооптонууну жаратпай койбойт. Бул жагдайдан улам, кененирээк ой чуркатып көрөлүчү. Бүгүнкү  дүйнөдө рынок, соода-сатык системасынын үстөмдүгүнүн шартында эл, мекен, журт кызыкчылыгы деген чоң түшүнүктөр урматталбай, ыйман, уят, абийир аттуу ыйык нерселер тебеленип, материалдык байлыктын культу өсүп, үлүлчөсүнөн “кабыгынын” ичине кирип кеткен өзүмчүл, индивидуалист жандар көбөйүп, акчага, алтынга, көрдүнүйөгө жүгүнүү күчөөдө.

 

Америкалык илимпоз Кольберг “Турмушка өзүмчүлдүк, пайдакечтик, жалаң бухгалтердик, коммерциялык, технократиялык мамиле Европа менен Америкада өзүнчө бир улуттук ооруга айлангандыгын” тынчсызданып жазат. “Цивилизациянын мындай терс илдеттеринин белгилери биздин Кыргызстанда да пайда болду”. Андан ары окумуштуу 2006-жылы апрель айындагы кыргыз телеберүүсүнөн тартууланган бир көрсөтүүдө 5-6 кыргыз улутундагы өспүрүмгө “эгер кайра төрөлүп калсаң, ким болор элең?” деген суроо берилгендигин, берилген ушул суроолорго окуучулардын биринин артынан бири француз болгум келет, орус болууну каалайм, немис болгум келет, англичан болгум келет деп жооп беришкендигин, алар кыргыз болууну каалабагандыгын өкүнүч менен белгилейт. Дагы “Жаңы Ордо” газетасындагы маалыматка таянып “өлкөдөгү анархизмдин” кесепетин мындай цифралар менен далилдейт: алкоголиктер – 100 000, баңгилер – 20 000, сойкулар – 30 000, ажырашуу жылына – 7 000, кароосуз балдар – 50 000, адам сатуу жылына – 4 000, адеп-ахлак кетип, эртелеп, кээде партада төрөгөн өспүрүм кыздар жылына – 2 000, мектеп рэкеттерине козголгон кылмыш иши жылына – 500 ж.б. Буларга кандай карайбыз? Балдар кылмыштуу топтун лидерлеринен үлгү алып, “кан жыттанган” боевик кинолорду көрүп калгандын таасири. Ошондуктан өспүрүмдөр арасында өзүн-өзү өлтүрүү – суицид мурда болуп көрбөгөндөй күчөдү, балдар арасында кылмыштуулук аябай өстү. Жаштарыбыздан АКШга, Канадага, Германияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмирлигине, Түштүк Кореяга, Түркияга иштөө үчүн кеткендер толтура, а Орусия менен Казакстанда миллионго жакын кыргызстандыктар иштеп жүрөт. Чемоданын түйүп коюп, жол кире караштырып жаткандар андан көп. Мындан трагедияны дале көрүүгө болбойт деңизчи, анткени биздин өндүрүш жакшы иштебей жатат, адамдын эмгегине акы төлөө начар деңгээлде, калкты массалык жумушсуздук каптады, демек жумушчу күчүбүз, акылдуу адистер – “мээлерибиз” сыртка агылып кетти. Эми ошолор бизге келүү керекпи? Албетте, келүү керек! Кандай формада? Мисалы, Сибирдин бир жеринде базарда отурган бир кыргыз жылына өзүнөн ашырып бул жакка беш жүз доллар алып келсе, анысын Кыргызстандын байлыгына айлантышы керек. Кантип? Биринчиси, ошондойлордун бир тобу биригип, бизде, мисалы, чакан өндүрүштү ачса болот, же бир дүкөн курушса, жок эле дегенде мал алса, өзүнө там салууга жаратса, же балдарын окутса, кыскасы, кыргыз мамлекетине жок дегенде салакасын салбаса… ошонун өзү чоң олжо болмок… А ушинтип аткандар көппү? Тилекке каршы, ошол сыртта иштеп келгендердин көпчүлүгү акча-каражатын келечектеги пайдалуу нерсе үчүн жумшабайт, ашка-тойго, аракка сарптап, кабаттап аял алып, иши кылып, болбогон нерселерге чачып алат. Алардан тышкары Бишкекте, облустук, райборборлордо коомдун боштугунан пайдаланып, салык жашырып, же пара алып, же болбосо, андай жолдор менен эмес эле иштин көзүн алып байый баштагандар бар. А түгүл илгерки бир колхоздун дараметин бир өзү алып аткан “жаңы кыргыздар” чыкты. Эми ошолор акчасын кайда жумшап атат? Булар да жанагылардай эле элге, өндүрүштү өнүктүрүүгө, келечекке эмес, өзүмө жумшасам дешет: заңгыратып өтө кымбат хансарайларды салышат, европалыктар анча-мынчасы ала албаган баалуу машиналарды, айфондорду алат, тойлорду уюштуруп чардайт, кымбат, чүйгүн тамактарды жеп, акчанын баарын “отходго” айдайт… Демек айрым адамдар топтогон байлыктан жалпы эл үзүр көрбөй, көмүскө жол менен байлыктар көмүлүп калууда. Ар кандай нормалуу коомдо адамдардын үч катмары болот дешет: биринчиси – “каймактар” (элиталар); экинчиси – бир нерсени жаратман, мээнеткечтер же люмпендик кишилер; үчүнчүсү – маргиналдар. Мына ушулардан акыркы топ 3%тен ашпаш керек экен. А бизде дал ошол топ өйдөгү топтордун этегинен тартып, жакасына жармашып, алдыга жылдырбай турганы абдан ойлонтууга түртү болууда. Ошондон улам азыр менталитет кризиси үстүбүздө кара туман болуп басып турат дебешке чара жок. Кыргыздын эң биринчи, эң эле канына сиңген салты меймандостук эле, азыр жанагы жарым миллион долларлык хансарайы бар үйдүн астына барып бир нан сурап көрүңүз, кандай “меймандостук” көрсөтөр экен? Суусамырда, Боом ичинде, Чычкан капчыгайында, Долондо, Чыйырчыкта ж.б. жерлерде тигилген боз үйлөргө барып “бир чыны айран бергиле”- деп көрүңүз, эмне сый табар экенсиз?.. Мына ушундай бир кездеги жакшы салттар соодага өтө баштаган кезде, деградация деген нерсе кыргыздык эн-белгилерди кысып кирген учурда улуттун улуттук жүзүн, анын атуулдарынын патриоттуулук деген ыйык сезимдерин сактап калуу канчалык кыйын болсо да, ошончолук керек нерсе. Баткен жактан жоо басып кирип, “көкүрөктү дарт алып, көчүк жакты сарт алып” турган кысталыш чакта биздин балдарда Мекенди сүйүү, кыргыз деп жан күйүү идеясы болбосо, анда “көчүктү” гана эмес, мээге чейин баарын талап кетет, дартыбыз айыкпас кеселге айланат. Буяктар коркунучтуу болуп калды деп лейлектиктер менен баткендиктер, анан кадамжайлыктар Чүйгө ооп келсе, мындан өтүп Казакстанга иштейт элек деп кете берсе, ээн калган ээсиз жерге көз арткандар дароо кирип албайбы? Чек араны чеп сактабай, жоокерлер сактабай, эл сактачу кезде ошол аймактардагы адамдарга патриоттуулук нан сыяктуу эле керек нерсе. Ошон үчүн да сырттан келген ар кандай идеялар, агымдар, көз караштар “кыргыз патриотизмин” мокотуу, бара-бара өлтүрүп жок кылуу үчүн катуу аракет кылат. Мунун баары мектептен, музыкадан, рекламалардан башталат, анан диний окуулар жайылат, сансыз көп арзан жана азгырык мектептер, университеттер ачылат. Ушуларды ойлонуп туруп Кыргызстандын “ачык эшик” саясаты да абайлабаса “кык бастыра турган саясатпы” деп кооптонуп кетесиң.

 

- Бир убакта “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” деген ураан чыгып, ошонун кесепети да тийди окшойт?..

 

- Анда “жалпыбыздын үйүбүзгө” үйрүлүп түшө бергендердин баарынын эле ою түз эмес экендигин биз билип коюппузбу? Ойчул Н.Карамзин мындан эки жүз жыл мурда эле ошол кездеги орус коомун анализдеп карап отуруп айткан экен: “Биз эч качан бөтөн акыл-эс менен өзүбүз акыл-эстүү боло албайбыз”,- деп. Айтса-айтпаса төгүнбү, ошо кезде орустун мен кыйын дегендеринин баары эле французча сүйлөп, французча окуп, чет элдиктерче кийинип, ошолордун тилинде жазып, ошолордой сүйүп, ошолордой өлүп, мүмкүн болсо А.С.Пушкиндин дуэлин эстеп коюңуз, кетишпедиби, башкаларды теңсинбей, адам катары көрбөй коюшпадыбы. Анан жанагы Карамзин сыяктуулар элинин башка жолго кетип атканын туура түшүнүштү, ошо кезде орус патриоттору, “квас патриоттору” эмес, накталары, ушунчалык бир арданып, орусча, болгондо да таза опорусча жазып киришти, агартуучулук менен шугулданышты, мектеп ачышты, журналдарды чыгарышты. Кеч болсо да Батышка алкынган “орус тройкасын” ооздуктап кала алышты. Бизде да азыр ошол кырдаал болуп турат. А биздин башы адашкан “кыргыз ат” ким кайда айдаса кете бере турган абалга келип калды. Ошол “кыргыз ат” адашпай жетер жерине жетүү үчүн эмне кылышыбыз керек деп атпайбызбы?

 

Орусия Президенти В.В.Путиндин патронаждыгында 2001-2012-жылдары чоң форматтагы 25 томдук Провославия Энциклопедиясын чыгаруунун үстүндө катуу иштешти. Бизде мечит менен казино, медресе менен сауна маңдай-тескей турбайбы. кувейттиктер, түрктөр Кыргызстанга университет ачканда атайын Бишкектин четин тандаган дешет, студенттер жанагыдай жарым жылаңачтардан, көчөдө туруп алып өбүшүүлөрдөн оолак болсун дешет экен. Дин деген, өзгөчө ислам, азыр күргүштөп кирип келе жаткан ыймансыздык менен күрөшүш керек эле. Тилекке каршы, аларды андай укук да, күч да жок. Көп мусулман мамлекеттерде, мисалы, Иранда ыйман-адеп полициясы бар, алар адепсиздикке каршы мыйзамдуу түрдө күрөшө алат, бирөөлөр көчөдө эл көзүнчө өбүшүп атса же кучакташып баратса эскертүүгө, айып төлөтүүгө, а түгүл жумуштан четтетүүгө чейин барат. А биздин дин кызматкерлеринде андай укук жок. Деги эле дин адамдары негизинен кылмыштан алысыраак болот. Балким кылмышы көп өлкөнүн ошол абалын  ошолор да сактап калар беле деп ойлоносуң. Бирок кыргыздардын ислам динине да баш-оту менен кирип кетпегенин сезесиң. Канчалык “арам болот”, “макүрү болот” деген менен, ислам дини каршы чыккан менен молдолорубуз баш болуп жылкы этин, өзгөчө анын ич этин жыргап жейбиз да. Ал эле эмес шаардагы кыргыздардын дасторконуна жалаң эле башка улуттардын тамактары чочко саласы, колбаса, арак, орус салаты, самогон коюлат. Бул жагынан да диндин таасир күчү ыйман сактоочулук вазийпасын  аткара албай калат ко деп ойлойм.

 

Маектешкен Олжобай ШАКИР

(Публицист жана жазуучу Абдыкерим МУРАТОВ менен журналист Олжобай Шакирдин буга чейинки кызыктуу маектерин “РухЭш” сайтынан таба аласыз, урматтуу окурман).

 

Булак: “Майдан.kg” гезити