Гезитибиздин өткөн санында Ош шаарындагы №4-С.М.Киров атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзаменден кийин сейилдеп жүрүшүп, автокырсыкка кабылышкандыгын жазган элек (Караңыз, “Майдан.kg”, 2017-жылдын 5-июлу). Муну окушкан мектептин мугалимдери жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү Оштогу кабарчыбызга жолугуп, укук коргоо органдары тарабынан агартуучуларды үзгүлтүксүз суракка чакыруу куугунтугу ыраса күчөгөндүгүн, бул жорукту дароо токтотуп, ата-энелердин жоопкерчиликке тартышынын талап кылышты.

 

Бактыгүл ТОКСОНБАЕВА, Ош шаарындагы №4-С.М.Киров атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы: - Баса, бүтүрүүчүлөр 24-июнь күнү жетилүү аттестатын колдоруна алышкан. Ал эми автокырсыкка тээ саат 12.30да Ош шаарында эмес, Кара-Суу районунда кабылып жатышпайбы. Демек, агартуу журтунун короосунан узагандан кийин биз окуучуларыбыздын жүрүм-турумуна жана алардын саламатчылыгына таптакыр эле жооп бербейбиз! Ошондуктан, мындай шартта ата-энелер гана мыйзам чегинде жазаланууга тийиш! Тескерисинче, ата-энелердин бир тобу бет тырмактык кылып бизге атайы келишип, каалашынча күпүлдөшүп, а түгүл коркутуп-үркүтүп, мугалимдердин айласын ыраса  курутушту. Укук коргоо органдары аралашпаганда, булар бизди сабашмак түгүл, жеп ийгенден дагы кайра тартышкыдай эмес!

 

Махмуд ЮСУПОВ, Ош шаарындагы №4-С.М.Киров атындагы орто мектебинин ата-энелер комитетинин өкүлү: - Бул мектепте менин неберелерим окушат. Билим сапаты, көз тийбесин, абдан күчтүү. Тарбиясы дагы заманбап. Кырсык-каш кабактын ортосунда экен. Ошентип, “Гелендваген” минген окуучулардын автокырсыгы мектептен тышкары жайда, көчөдө катталып олтурат. Бул жерде машинасын акчага ижарага тартуулаган Асырбек уулу Сүйүндү дагы накта жоопкерчиликке тартуу абзел! Эң башкысы: ээнбаш бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерин катарынан мыйзам чегинде жазалоо зарыл! Аларды дал ушинтип тартипке чакырган оң! Анткени, бул кырсык жана окуя башкаларга дагы ачуу сабак болсун, эй! Антпесек, мындай кейиштүү көрүнүштөр дагыле кайталанбайт деп эч ким кепилдик кылбайт!

 

ххх

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы дагы жетилүү аттестатын колдоруна алышкандан кийин автокырсыкка кабылышкан окуучулардын жоопкерчилигин мугалимдерге жана мектепке төңкөрө салуу акылга сыйбай тургандыгын шардана кылды.

 

- Кырсыкка кабылган окуучубуз он сегиз жашка толду. Анан жетилүү аттестатын дагы алып олтурат. Эгерде автокырсык мектептин ичинде жүз берсе, биз жөн жатпастан мугалимдерге жана мектеп директоруна карата тиешелүү катаал чараларды сөзсүз көрмөкпүз! А кырсык ата-энелердин көз алдында эле болуп жатпайбы, - деп тызылдады Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Асанов. - Демек,  эми бул жерде ата-энелердин жоопкерчилиги сөзсүз түрдө каралашы кажет! Качанга дейре мугалимдерди бейкүнөө жоопко тартып, какшатып келебиз?

 

Баса, үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда автокырсыкка кабылган Ош шаарындагы №4-С.М.Киров атындагы орто мектебинин үч бүтүрүүчүсүнүн бирөөсүнүн акыбалы дагыле оор бойдон калууда. А экөөсүнүкү канааттандыраарлык. Ушул тапта Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жанданды. Адегенде унаа ээси Асырбек уулу Сүйүн суракка алынды. Ал эми калган окуучулар саламатчылыгы калыбына келе электигине байланыштуу суракка али чакырыла элек. Анын үстүнө ат-энелери дагы алардын көрсөтмө беришине абдан каршы чыгып жатышат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити