Өткөн кылымдын 1947-48-жылдары Лейлек жергесинен 2 кожолукту азыркы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр жергесине көчүрмөкчү болушат. Ошол кожолуктардын биринин башчысы Исхак Раззаковдун балалык чагындагы досу, Миң-Жыгач айылында туулган Сарыбаев Ысман эле…

 


Ысман Исхактан жаш курагы боюнча улуу болгону менен ынак дос катары, Коросондо кой багып жүрүп экөөсү балалыктын ширин да, ачуу-таттуу ирмемдерин баштарынан бирге кечиришкен тура. Ысман Исхак досун оюн-чындан тамашалап “Сары эчки” деп чакырчу, шакабалачу экен.


1953-жылы Исхак Раззакович Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы катары Кара-Суу районуна келип, чарбаларды кыдырып жүрүп, Отуз-Адырга да келет. Ошол жерде эмгекчилер менен жолугушуу өткөрүп, бир топко туруп калат.
Ошондо элдин арасында турган Ысман Раззаковдун жансакчыларынан өталбай, бала кездеги ынак досу менен жолугушууну аябай самап, акыры айласы куруганда, элдин арасынан туруп Исхактын балкаймактай бала чакта өзү койгон лакап атын айтып кыйкырууга аргасыз болот. Ошондо Исхак досун элдин арасынан көзү менен издеп таап, ал Ысман тарапты көздөй басканда эл тең жарыла жол берип, экөөсү көздөрүнө жаш алып, кучакташып учурашышат.
Ал-акыбал сурашкандан кийин:


- Эми, достум, менин убактым өтө эле тар, азыр сени менен көпкө сүйлөшүп турганга чамам жок. Андан көрө, сен үйүңдө даярданып тургун, кечинде барып сени менен бир чайлашайын,- деп жөнөп кетет. Бул окуянын күбөсү болгон көпчүлүк эл таң кала карап кала беришет.


Жергиликтүү бийликтин мыкчегерлери Раззаковдун сөзүн уккандан кийин “Жаныбекте жан барбы” демекчи, тез арада өп-чап, араң жашаган Ысмандын үйүн ондоп-түзөп, палас-малас, идиш-аяк, мал-жан алып келишип, тамак-аш даярдап жиберишип, биринчини күтүп калышат.


Кечинде Раззаков Ысмандын үйүнө келип, чай ичип, досу менен бир топко баарлашып, анын ал-акыбалынан кабардар болуп, Лейлекке кайра көчүп кетүүсүн, бул үчүн өзү көмөк көрсөтөөрүн айтат.


Сый тамак аягына чыгып, меймандар тарай турган убакта кыраакы, баамчыл Раззаков өзүн коштоп жүрүшкөн жергиликтүү жетекчилерге кайрылып, мындай дейт:


- Эми, ортактар, биздин досубузга аз-маз болсо да жардам эткениңиздер көрүнүп турат. Бирок, сиздерден ынтымас, алып келген эки сыйырыңыздардын бирин, калган майда-чүйдө буюмдарыңыздарды калтырып эле койсоңуздар, балдары менен саап ичип, тиричилигин өткөрүп турсун,- дейт. Андан кийинкисин айтпаса деле түшүнүктүү го.


Жогорудагы окуядан улам улуу инсан Исхак Раззаковдун бизге белгисиз болуп келген дагы бир инсандык изги сыпаты - достукка бекемдигин, кыраакылыгын терең аналитик-психолог болгонун Сиз да баамдаган чыгаарсыз, азиз окурманым…

 

Абдиллабек АВАЗОВ.

Булак: “Майдан.kg” гезити