Редакциядан: Жазуучу Орозбек Бөрүгуловдун “Ырдын пири Рыспай” аттуу макаласы гезитибизге жарыяланаар замат бул тууралуу ой-пикирлерин билдирген окурмандарыбыз арбын болду. Куйкум сөздүү сатира жазуу менен гана чектелбей, учу-кыйры жок чыгармачылыктын бир нече жанры менен иштеген калемдешибизге ыраазычылыктарын билдирип жатышат. Албетте, макаладагы айрым сүйлөмдөргө бир аз ичи чыкпай калгандары да жок эмес. Кабарчыбыз концерттен кийин Воронцавкадагы боз үйдөн залкар обончуну эскерип олтурган адамдардын аңгемелеринин негизинде гана макала даярдагандыгын, асмандан алып жазбаганын баса белгилөө менен бирге, бул тууралуу үн кошуп келген ондогон каттардын бири болгон, “Ыр кесе” сыяктуу канаттуу обондордун автору Маматибраим Бостонкуловдун устаты Рыспай Абдыкадыров тууралуу баянына орун бермекчибиз.

 

Рыспай кыргыз элине өзгөчө кайрыктарга бай мээримдүү, жагымдуу, өлбөс-өчпөс обондорун калтырып кетти. Анын аккордеондун чебер ойнолгон авазы менен шөкөттөлгөн ырларын кайра-кайра тамшанып уга берүүдөн тажабайсың.

 

 

 

Мектепте окуп жүргөн кезимде мен ушул кишинин ырларын музыка дүйнөсүнүн талапкери катары аткарууга далаалаттанып жүрсөм, кийинчерээк өзүм да обон чыгарып, чыгармачылыкка чындап арбалып кеттим. Ал тургай, Рыспай Абдыкадыров менен сахналаш болуп калуу менин дагы пешенеме жазылып калыптыр. Мени “Миша” деп койор эле ал киши. Кээде:

 

- Миша! Ай, Миша, үйгө тезирээк келип калчы,- дечү.

 

Барсам, жаңы обонун ырдап берип, кандай чыкканын кайра өзүмдөн сурап калат. Мен “жакшы” дейм да. Ананчы... анын бири-бирине окшобогон ар бир обонун ырахаттанып олтуруп укчумун.

 

- Бир күнү, - дейт Давлет жеңем. - Рыспайдын аккордеон ойноп ырдаганы түнкү үчтөр чамасында терезенин сыртынан угулгансый берди. Ойлоп койом, эшикте бирөөлөр магнитофон коюп жатышса керек деп. Негедир мен укпаган обондун кайрыктары... Туруп барып, Рыспай жаткан бөлмөгө баш баксам, төшөгүндө жок. Көрсө, ал “Кайбар” (эркелетип айтат) майке-трусычан болуп алып, коңшу кабат үйлөрдүн арасында ырдап жүрүптүр. Шашыла кийинип, жетип бардым да: “Ай, Рыспай, бу эмне кылганың? Түн жарымы өтүп калган мезгилде элдердин уйкусун бузуп!.. – десем, “Мен Ырыс болсом, сен - Дөөлөтүмсүң! Уксаң... мен жаңы обон жараттым”, деп дагы ырдап салбадыбы.

 

Ушундай бала кыял киши эле жарыктык. Буга окшогон жоруктарын сөз кылып отурсак, деги эле узун жомок! Эми аны акыркы сапарга узатып аткан күндөгү бир көрүнүштү айтып берейин.

 

 “Жай даяр болду” деп кабар келгенден кийин, Рыспайдын табытын “ЗИЛ” машинасына жүктөп алып жөнөдүк. Үйдөн машина жылып жөнөгөндө Бөкөнбай аке Ош мамлекеттик университетине чейин кошок айтып келди. Ал жерден коштошуу аземи болуп, табытты колдоп көтөргөн элдер мүрзөгө чейин көтөрүп келип, жерге бергенге чейин Бөкөнбай акенин кошогу токтогон жок.

 

Көзү тирүү кезинде кайсы бир жетекчилердин кысымында калып, көп жылдар бою сахнага чыгарылбай, эмгектери үчүн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болбой келгендигин билишкен эл, жок дегенде, керээзи орундатып, табытын Сулайман тоосунун бооруна койдурганы үчүн Ош облусунун жетекчилигине ыраазы болушту.

 

- Ай-и-ий, бул жакты карасаңар?!. Асманда ак куш тегеренип учуп жүрөт. Видеого алгыла,- деп калды бирөө акырын сүйлөп. 

 

Айткандай эле, апакай куш айланып-айланып учуп кетти. Бир аздан кийин кайрылып келип, мүрзөнүн дал үстүнөн эки тегеренип алган соң кайра алыстап кете берди.

 

Аңгыча, бирөө үн катты:

 

- Рыспайдын арбагы ак кушка айланып кетти көрүнөт.

 

Анан да таң калаарлык нерсе, оператор жигит ак кушту жакшылап эле тартып аткан элем дейт, бирок, айлана-чөйрөдөгүлөрдүн бардыгы видеого түшүп даана көрүнгөнү менен, ак куш гана видеого түшпөй коюптур, өзүнүн элесин сыйкырдуу күч менен атайлап сүртүп өчүрүп салгандай.

 

Маматибраим БОСТОНКУЛОВ,

композитор, обончу жана аткаруучу.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити