Саламаттыкты сактоо министринин маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы деңиз деңгээлинен 4100 метр бийиктиктеги Сүйөк-Ашуу ашуусунда медициналык станция орнотулду. Ал Кыргызстан-Индиянын биргелешкен долбоору жана илимий изилдөө багытына болот. Кыргыз жана индиялык окумуштуулар тоо-физиологиялык илимий иштерин башташты.
Учурда бийик тоонун абасынын адамдын организмине жана анын уйкусуна тийгизген таасири иликтенүүдө.