Биринчи май райондук сотунда экс-депутат  Райкан Төлөгөновдун иши каралууда. Анын адвокаты Сартпай Жээнбеков процесске келбегендиктен, айыпталуучуга мамлекеттик адвокат дайындалды.

 

Прокурор мындай көрүнүш ушуну менен экинчи жолу кайталанып атканын айтты. Ал муну «ишти атайылап артка жылдыруу» деп баалады.

 

Ошондуктан мамлекеттик айыптоочу судьяга айыпталуучуга мамлекеттик адвокат жалдоо өтүнүчү менен кайрылды.

 

Төлөгөнов каршы болгонуна карабай, ага мамлекеттик адвокат жалданды.

 

«Урматтуу сот, бүгүн болгону төртүнчү жолу процесс болбой калды. Анын экөөсүндө жабырлануучу келбей койгондуктан болгон эмес. А үчүнчү жолу менин оорума байланыштуу токтоду. Бул сапар адвокат келе албады», - деди айыпталуучу.