Соттун чечими менен Дадаев жана 14 жылга соттолгон Тамерлан Эскерханов аскердик наамдарынан жана ордендеринен ажыратылды.

 

Дадаевге көмөктөшкөн деп айыпталган Анзор жана Шадид Губашевдер катаал режимдеги абакка 19 жана 16 жылга камалышты. Хамзат Бахаев 11 жылга эркинен ажыратылды.

 

Ошондой эле сот айыпталуучулардын бардыгын тең айыппул төлөөгө милдеттендирди.

 

Күн мурун прокурор тергөө тарабынан кылмыштын аткаруучусу деп эсептелип жаткан Дадаевди өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылган.

 

Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын жерде атып өлтүрүлгөн.