Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ооруканасынын башчысы Жаныбек Арабаев билдирди.

 

Аталган облустун Сузак районундагы жайлоодо жаш жигитке чагылган түшкөн. Кырсыктан улам комага түшүп, денеси 2-3- даражадагы күйүк алган.

 

Дарыгердин айтымында, жигит өзүн азыр жакшы сезип калды. Жакында ооруканадан чыгат. Анын баш мээсине бир катар операция жасалган. Анткени, уюган кан табылган.