Экс-президент Роза Отунбаева сот процессте Текебаевге карата ачылган кылмышты «Саясий атаандаштардын кармашы» деп атады.
«Бул саясий иш экени белгилүү, анын негизинде саясий атаандаштар бири бири менен соттошуп атышат», - деди Отунбаева.
Бирок, сот анын сөзүн бөлүп, баа берүүнүн кереги жоктугун, эмне көрүп, эмне билгенин гана айтуусу керектигин эскертти.
Отунбаева: «Мага бул боюнча кандай ойдосуз?» деген суроо берилди, ошондуктан, өзүмдүн пикиримди билдирдим» - деп жооп кайтарды.
Текебаев өзү Маевский менен «Супарада» жолукканын бирок, анда акча эмес, Россияга сапар талкууланганын билдирди.