«Укук коргоочу» Үмөталиева жердештеринин башын бириктирип, «жашыруун чай» берүүгө эмне түрткү болду?
Укук коргоочумун деп өзүн өзү тааныштырып, бирок, качан, кантип укук коргогону белгисиз болуп жүргөн бир «апчебиз» бар. Ал – Токтайым Үмөталиева. Кайсы жерде митинг, же ызы-чуу болсо, жоолугун ала чуркап биринчи жетип барган жагынан алдына эч кимди салбайт. Аркы жээкке да, берки жээкке да каалаган учурунда бурулуп кете бергенинен акыркы кездери коомчулук бул адамдан түс буруп калганы байкалат.
Ушул жылдын февраль айында Бишкекте Текебаевди колдогон митингге да чуркап бара коем деп, көпчүлүктүн каарынан араң бошонуп чыккан. Ал жерге бара калып, Текебаев менен мамилеси жакшы экенин саймедиреп баштаганда, топтолгондор колунан микрофонун жулуп алып, өзүн алыс айдашты. Ушундан улам эле бул укук коргоочуга элдин көз карашы кандай экенин билүүгө болот.
Мына ушул «апчебиз» Токтайым Үмөталиева президенттик жарышка барам деп шымаланып туру дейт. Кичи мекени Таластан болгон укук коргоочу бүгүн «Фрунзе» ресторанына жердештерин чогултуп чай берүү алдында турат. Баарынан кызыгы, бул чай ичүү «жашыруун» экенин айтып, таластыктардан башка эч ким билбеши керектигин уюштуруучулар биринен бирине шыбырап атышат.
Президенттик жарыш жашыруун сырга киреби? Жарышка чыккандар жүздөрүн ачып, бата алгысы келгендерин ачык-айкын чакырып эле атышпайбы? Же, Токтайым айымдын башка билгени барбы? Таластыктардан башка эч ким укпагыдай жолугушуу өткөрүп, сыр айтчудай, же ага өлкөнүн башка аймагындагылар душманбы?
Барган сайын эле «укмуштуу» окуялар чубап келатат да. А негизи Үмөталиева өзү ушундай «укмуштуу жоруктарга» жакын экени белгилүү.