Чек ара кызматы бул боюнча маалымат берүүдөн карманып турат.


Ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" өткөрмө бекетинде турган Пономарев кыргыз бийлиги эч себепсиз чек арадан өткөрбөй жатканын айтууда.

Ал 29-июнда Кыргызстанга эч тоскоолдуксуз кирип, экстремизмге каршы эл аралык конференцияга катышып, Казакстанга кеткен. Ал 9-июлда Бишкекке кайтып укук коргоочу кесиптештери менен жолукмак.

 

Орусиялык укук коргоочу “Азаттыкка” курган маегинде Бишкектен Москвага учуучу билетин жабууга жана Бишкекте калган буюм-тайымдарын алдырууга аракет кылып жатканын кошумчалады.

 

"Мемориал" уюмунун Борбор Азия программаларынын жетекчиси Виталий Пономарев 9-июлда Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга киргизилген эмес. Бул маселе боюнча УКМК маалымат берүүдөн баш тартты.