Ленин райондук сотунда экс-башпрокурор Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш ишинин негизиндеги сот отуруму жылдырылды.

 

Күбө Алмамбет Шыкмаматов саат 14:00гө гана келе алгандыктан, процесс  токтотулду. Башка күбөлөр да келише элек. Мындан улам прокурор отурумду жылдыруу сунушун киргизди.

 

Жыйынтыгында, процесс саат 14:00дө башталмай болду.