Муну менен жумурияттын түштүгүнөн 94 жүргүнчү учуп келишти.
Ошентип, Ош-Ысык-Көл-Ош багыты боюнча мындан ары жума жана жекшемби күндөрү атайын каттамдар учуп турат. Бул каттамдарды Кыргызстандын Tez Jet авикомпаниясы уюштуруп турмакчы.
Жума күнү учак Оштон 10.25те учуп, 11.30да Ысык-Көлгө конот. А жекшемби өлкөнүн түштүк башкалаасынан саат 18.10до учуп, 19.00дө көгүлтүр көлгө конот.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: «Майдан. kg» гезити