Телефондорунун экрандарынан көздөрүн албай, ичиндеги “макулуктарды” сөөмөйлөрү менен башкарып ойноп олтурган жаштарды микроавтобустардан көргөндө, “карачы, оюнга алаксымыш болуп, туруп бараткан улууларды калп эле көрмөксөнгө салып жатат” деп жек көрчүбүз.

 

Телефондорунун экрандарынан көздөрүн албай, ичиндеги “макулуктарды” сөөмөйлөрү менен башкарып ойноп олтурган жаштарды микроавтобустардан көргөндө, “карачы, оюнга алаксымыш болуп, туруп бараткан улууларды калп эле көрмөксөнгө салып жатат” деп жек көрчүүбүз. Көрсө, андагы оюндардын кумары башкача тура. Ага бир эле башыңды тыгып алсаң бүттү, оюнга өзүң эле ого бетер чумкуп кирип кете берет экенсиң.

 

 Жакында бир үйлөнүү тоюнан соң, кыздын жеңелери:

 

- Биздин кызыкебиз ар-намысын эч кимге тепсеткен эмес, сактап жүргөн. Биз түгүл, айыл боюнча мактап жүргөн. Бул сөздү чыгарып жаткан жерибиз жок ойдон. Айтор, “масла” бойдон. Айтканыбызга анан чындап көңүл бөлөсүңөр. Кызыкебиздин намыска бек экендигин келинге айлангандагы шейшебин көрөсүңөр,- деп эки жашты жатчуу бөлмөгө киргизип коюп, күтүп калышпайбы.

 

Улук сөздө уят жок. Салт деген салт. Анан “гарантийний талон” жазып берип өткөзмөк беле кызды?

 

Ошентип, кыздын үнү чыгышын чыдамсыздык менен күтүшөт, күтүшөт дейт. Дабыш жок. Таң атып бара жаткан кезде аргасы кеткен жеңелердин бири эшикти ачып, ичкери кирип барса, жигит менен кыз төшөккө жатпай эле соткаларын ойноп олтурушуптур.

 

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити