Айрым уруудагылар жыйналыш өткөзүшүп, “давайте, туугандар, баш көтөрүп, Кыргызстандын кийинки букасын... (кечиресиздер), кийинки ханын өзүбүздүн жумурткадан... тоюс, өзүбүздүн тукумдан көтөрөлү” деген чакырыктар менен чыккандарынан кабардарбыз.

 

Ал эми жакында Ош шаарында топтолушкан Жоош уруусунун азаматтары башкалардан айырмаланышып, бийликти да, опозицияны да сөккөн жок, өпкөн жок. Кыргызстанды кантип өнүктүрөбүз? Жалпы элди биримдикке, ынтымакчылыкка чакырыш керек! Ушул сыяктуу жакшы идеяларды айтышты.

 

Жыйналыш бүтөөрдө гана бирөөсү трибунага чыгып, микрофондун башын өзүн көздөй жыгып, президенттик постко өзү “хорошо” көргөн бир чиновниктин кандидатурасын колдоп койолу деген таризде сунуштамак болду эле, олтургандар:

 

- Токтоткун мындай сандырак сөзүңдү. Давай, ачкын көзүңдү. Минте берсең, кууп чыгабыз өзүңдү. Мээңди баскан эмеспи желе? Саясат жөнүндө сүйлөмөй жок деп макулдашпадык беле, - деп ызылдап жиберишти. Айтор, тартипке имеришти.

 

Жооштор азамат эле! “Кыргыздан чыккан биринчи генерал Ысакбек биздин уурудан, ошон үчүн бизден гана хан көтөрүп чыгыш керек”- деген жеңил ойго эч качан жетеленишпейт. Ылайым, алардын сунуштаган ынтымакчылыгы Ала-Тоо жергесине чындап орношун биз да тилейбиз!

 

 

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити