Журналистика тармагында иштеген, саясатты калеми менен тиштеген Келдибек Назиров деген талант бар эле. Анын чыгармачылыгы колдоого зар эле. Ошол калемдешибиз күтүүсүздөн ажалдын чеңгелине түшүп калып, айтор, ичээр суусу бүтүп калып, тиги дүйнөгө кете берди.

 

Болгону 53 жашка гана чыкты. Кайран жигит гезиттик макалаларды гана эмес, адабий чыгармаларды да жазаар эле мыкты. Бирок, бир дагы китебин өзүнүн атынан чыгара албады. Же башкаларга окшоп жардам сурап бирөөлөргө барбады. Өз каражатынан чыгарайын десе, чөнтөгү жука. Ушундай калыссыздык кыласыңбы тагдыр, эх, сука?! Анан чыгармаларын акчалууларга сата баштады. Анын чыгармасын китеп кылып чыгаргандар “Назиров” дегенди алып таштады. Автор катары өз фамилияларын чаптады. Кыскасы, азыркы кезде ушундай оору адабиятты каптады. Таланты жок туруп жазуучу аталгандар тааныштарынын, туугандарынын арасында бой көтөрө кадыр-барк күтүп, мурундарын барбайтып жүрүшөт. Муну билгендер сыртынан шылдыңдап күлүшөт. Кээ бирөөлөр көздөрү менен тинтип, сурашчу болду минтип:

 

- Мектепте окуп жүргөн кезиңде адабияттан “2” алып дайым, бир сүйлөмдү да туура жаза албаган бир чумо элең го, айланайын! Моминтип жазуучу болуп капилеттен эле “жарк” этип чыга келгениңе таң калып турубуз. Тез-тез китеп чыгарып атасың, көп сүт берип жаткандай уюбуз...

 

Андайда алдап көнгөн аяр, “асмандан түшкөн жазуучунун” жообу даяр:

 

- Менин азыр жок катам. Мени төрөгөндө, бала эмес эле талант кылып төрөгөн тура апам. Ушул кезде бир эмес, эки чыгарманы катарынан жазып жатам!

- Ия, чынбы... бир эле учурда эки чыгарманыбы?

 

- Албетте! Экөөнү эки колум менен шилтеп атам. Керек болсо, Чыңгыздын ордун басам! Эгер үч колум болгондо, любой талантты асам!

 

Ырас, “мен дагы ырчымын” деп булбулдардын арасына отуруп алган жогорудагыдай карга сымалдарды сындап, тамашалабай эле чындап, калемим менен казып, даалай макалаларды жазып, бирөөлөргө жаман көрүнгөм. Ушак чыгарган тилдерине далай “өбүлгөм”. Чындыгында, алардан атайлап жамандык издеп жаткан жерим жок. Өзүн дагы алдап, өзгөлөрдү да алдап жашаган сөрөйлөрдүн жосунсуз жоруктарын байкамаксанга салып деле койсом болмок. Антсем, коомго, адабиятка мен дагы чыккынчылык кылган болуп калаарым шексиз. Ошон үчүн күрөшүп келем адабиятка суук колун салган адамдар менен адепсиз. Калемгер катары чындыкты кантип жашырам?! Силерди да кайдыгер болбоого чакырам!

 

Баса, Келдибек Назировдун дүйнөдөн кайткандыгын жалгыз гана “Тамчы” гезити жазып, кайгыруу менен туугандарына көңүл айтты. Эгер анын китебин менчиктеп алгандардын бири каза болуп калса, “кайран, чыныгы талант эле” деп башка гезиттер да “ыйлап” жибериши ыктымал, самопал “жазуучуну” чыныгы жазуучу деп ойлоп.

 

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити