“Эл баштагыдай клубка келбей, артисттер жакшы концерт бербей калды”- деп айтылып ар кандай кеп, жатканыбызда бушайман жеп, куудул-пародист Ильяс Агыбай уулунун өнөрүнө суусагандар көп экенСебеби, өнөр дүйнөсүндө Ильястин төгөрөгү төп экен. “Керек болсо, ал азыркы куудулдардын эң чебери, сахнага кайра келеби?” деп сурап калышат окурмандар бизден дагы.
Андай соболдорго биздин гезиттин жооп берип турган чагы: чыныгы таланттардын эмгеги бааланбай, турганда тыйыны жоктор бир карыш жерге да баралбай, өнөр эмне экенин түшүнбөгөн акчалуу айрым шүмшүктөрдүн акчанын күчү менен, уурулук менен өздөрүн таланттуу көрсөтүп жатпайбы. Ушундай түлкү заманында Ильяска окшогон чыныгы өнөрпоздор үй бүлөлөрүн тойлордо тамадалык менен гана эптеп багып атпайбы.
Ушул макаланы даярдап жатып, Ильяска телефон чалдык. Анан анын чаткалдыктардын чакыруусу менен гастролдо жүргөндүгү тууралуу маалымат алдык. Албетте, өзү жалгыз эмес. Пародист досу Адилет Кожобергенов, ырчылар Гүлгаакы Сагындыкова, Кенже Калыковалар аны менен жүрөт тоолуу аймакта. Түштөнүү учурунда нанды малып жеп коюшуп каймакка. Эмесе, аларга кааламакчыбыз чыгармачылык эргүү! Жүрө бергиле дайыма жерлерде элдүү!
Орозбек БӨРҮГУЛОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити