“Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги” уюмунун Туруктуу элдик кеңештин төрагасы Азимбек Бекназаровдун айтымында, бүгүн    Жогорку Соттун Конституциялык палатасына арыз беришти.

 

«Конституцияда ар бир жаран өзүнүн улутун ачык көрсөтө алат деген жобо бар. Бул укук өкмөттүн токтому, мыйзам менен чектелбейт деп турат», - деген саясатчы паспорттогу улутту алып салгандар менен мыйзам чегинде күрөшө тургандыктарын билдирди.

 

Эске салсак, 23-майда Бишкекте  “Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги” уюму Бишкекте улуттук курултай өткөргөн. Анда  кыргызстандыктардын ID картасына улутун ачык жазуу талабын коюшкан.