Жакында интернет түйүнүнө чет өлкөлүк туристтин дарыяга даарат ушатып атканын чагылдырган видео тараган. Окуя Ат-Башы районундагы Таш-Рабат капчыгайында болгон. Турист тоодон агып түшкөн өзөнгө даарат ушаткан. Видеого тарткан адам туристке жакындап, бул тоо суусунан эл иче турганын айтып, андай ишти жасабоо керектигин түшүндүрүүгө аракеттенген. Бирок, турист жана анын аялы ачууланышып, камерага тартууну токтотууну талап кылышкан.

 

Видеонун автору көрүнбөгөндүктөн, милиция ишти иликтөө үчүн аны издегенин жарыялады.