Бул иш-чарага Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Бакыт Байтиков баштаган жетекчилер жана ӨКМдин кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Б. Байтиков ары жоопкерчиликтүү жана кооптуу кнсиптин ээлери болгон кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, алардын түйшүктүү иштеринде ийгиликтерди каалоо менен бирге, чың ден-соолук тилеп өттү. Мындан сырткары, өз ишинде артыкчылык көрсөткөндөргө Ардак громаталар, диплом жана төш белгилер ыйгарылды.

 

ӨКМдин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов быйылкы жылда бул  армактын кызматкерлери кыйла түйшүктөрдү тартышканын баса белгиледи.  

 

-Быйылкы жыл өлкөбүз үчүн өтө оор жылдардын бири болду десем болот. Анткени, катар-катар жер көчкү, сел жана кар көчкүлөр биздин шаштыбызды алып, бир топ эле убара керчиликке салды. Ошентсе да, элдин коопсуздугун биринчи орунга коюп күн-түн дебей кырсык болгон жерлерде байырлап жүрдүк, - дейт ал.

 

Эске сала кетсек, жыл башынан бери областта 188 өзгөчө кырдаал катталган, анын 142си чоң кырсыктар болуп саналат. Жалпылап айтканда, 52 жолу жер көчкү, 59 жолу кар көчкү, 9 жолу суу ташкындоо, 8 жолу катуу шамал жүз берген. Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен област боюнча 27 көпүрө жараксыз абалга кептелсе, анын 16 калыбына келтирилген.Быйылкы жылы өзгөчө кырдаалдын кесепетинен 7 адам каза тапты.