Андан соң ИИББдин салтанаттуу чогулуш өткөрүлүүчү залында Бишкектин ИИББинин
башчысынын орун басары Рахманов С.Кнын жана башкармалык менен
кызматтардын башчыларынын катышуусунда Коомдук кеңештин жумуш жыйыны
өттү. Анда дайындоолор, сыйлыктар жана жумуштан бошотуулар,
материалдык-техникалык камсыздоо жана милиция кызматкерлерин максаттуу
колдонуусу тууралуу кадр жумуштарынын маселелери каралды. Коомдук
кеңештин мүчөсү, КРнын ОИБнын ветераны Зеличенко менен КРнын ИИМ
академиясынын бүтүрүүчүлөрүн жана жаш муунду тарбиялоо баса белгиленди.
Жолугушууда Коомдук кеңеш жаңы долбоорлорду ишке ашырууда жарандык коом
болгон тыгыз байланыштын маанилүүлүгүн белгилешти. Жыйынтыгында Сталбек
Рахманов Коомдук кенештин өкүлдөрүн Бишкек шаарынын ИИББинин жеке түзүмү
менен жолуккандары үчүн ыраазычылыгын билдирип, жогоруда айтылган
оорчулуктарга карабастан, Бишкек шаарынын ИИББи жана райондордун
ИИБдеринин жеке түзүмдөрү жоопкерчиликтерине өткөрүлгөн аймактарда
кызмат өтөшөрүн кошумчалады. Өз кезегинде Коомдук кеңештин төрагасы
Толкун Исаков Бишкек шаарынын ИИББнын, ПМК жана РИИБдердеги штаттык
санынын жана транспорт каражатынын жетишсиздиги тууралуу билерин
белгилеп, Коомдук кеңештин атынан болгон жардамын көрсөтүп, учурдагы
көйгөйлөр тууралуу ИИМдин башкармалыгына маалымдарын убадалады.
Бишкек ШИИББ. Басма Сөз
кызматы