Сүйүү үчүн курман болгон адам Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө эмгектенген.
Эске салсак, 26-июндан 27-июнга караган түнү Бишкек шаарынын 1991-жылы туулган тургуну бир кыз менен таанышып, аны курбулары менен чогуу үйүнө конокко чакырган. Жаштар үйдө спирттик ичимдиктерди ичишкен. Андан кийин маркум кызга сүйүүсүн билдирип, ал үчүн өлүүгө да даяр экенин айткан. Сүйүүсүнүн далили катары, кыздын колуна бычак карматып, көкүрөк тушуна саюусун суранган. Кыз бычак сайганда, жигит жыгылып, дароо жан берген.
Шектүү дароо камакка алынган.
Ыкчам иликтөөчүлөрдүн маалыматына караганда, маркум милиция кызматкери болгон.
Окуя жумуш убактысынан тышкаркы убакка туура келет.