- Канттагы базада аскерлердин санын көбөйтүүгө дароо каршы болдук. Бирок ал жактагы курал-жаракты жаңыртууга макулбуз. Чын эле коопсуздукту ойлосоңор, чек арадан жай берели, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунан деди, - деген Атамбаев орус тарап азыр ойлонуп жатканын, Канттагы базада аскерлерди көбөйтүүгө кажет жоктугун белгиледи.

 

Ал ортодо Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ТАСС агенттигине берген маегинде Атамбаевдин бул сунушу боюнча эч кандай комментарий берген жок.

 

Тажикстан УКМКсынын Чек ара башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугхожаев алар Атамбаевдин сунушу тууралуу маалымат каражаттарынан уккандыктарын билдирди. Айтымында, бул маалымат мекеме жетекчилигине жөнөтүлүп, алар таанышкан соң Чек ара кызматынын комментарийи жарыяланат.

 

«2005-жылы орусиялык чек арачылар тажик-ооган чек арасынан кетип, Борбордук Азиядан Орусияга террордук топтор менен аткезчилердин өтүп кетпеши үчүн Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына жайгашышкан.Эгер орусиялык аскерлер кыргыз-тажик чек арасына келсе, анда Кыргызстандын да, Тажикстандын да чек арасы корголот», - деди Тажикстандын чек ара аскерлигинин командиринин мурдагы орун басары, генерал Нуралишо Назаров.